"Мүшөктөп ташып". Түптүн тургуну 20 килограммга жакын баңгизат менен кармалды (видео)

Ысык-Көлдүн Түп районунда жашаган жарандын үйүнөн 20 килограммга жакын баңгизаты табылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Түп районунун аймагында европа улутундагы жаран өз үйүндө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизатын сактап, сатууну көздөп жүргөндүгү тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан маалымат келип түшкөн. Текшерүүдөн кийин маалымат тастыкталды.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүрүшүндө, алынган маалымат боюнча, кылмышка шектүү делип Түп районунун тургуну, 1970-жылы туулган П.А. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

"Кылмыштуулуктун бетин ачуу максатында А.П аттуу жарандын, кылмыштуу байланыштары, баңгизаттарды сатуу каналдары жана аларды сактоочу жайлары боюнча атайын ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада П.А. аттуу жарандан 7 килограмм 816 грамм марихуана алынган, ал эми үйдүн жер төлөсүн тинтүү учурунда дагы 11 килограмм 750 грамм салмактагы гашиш табылып алынган. Ошентип, алынган баңгизаттын жалпы салмагы 19 килограмм 566 граммды түздү", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.

Видео: ИИМ
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан