Таластагы мал уурулукка шектүү ​ жаран Токтогулдан кармалды

Таластагы мал уурулукка шектүү ​ жаран Токтогул районунан кармалды. Бул тууралуу Талас облустук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, ушул жылдын 1-апрель күнү Талас шаарынын Д.Д. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда үйүнүн короосунан 1 баш уюн белгисиз жарандар уурдап кеткендигин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Анын негизинде уурдалган уй Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул райондук мал базарда аныкталып, Жалал-Абад ОИИБдин ​ кызматкерлери менен бирдикте кылмышка шектүү кармалган. Ал ​мал базардан уйду 35 000 сомго баалап ​ сатып жаткандыгы такталып, ошол учурда кармалган.

Кармалган шектүү​ Талас шаарынын ​ 20 жаштагы ​ У. Д. аттуу тургуну экендиги аныкталды.

Ал Талас шаарына алынып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан