Орусиялык футболчу жана машыктыруучу Андрей Канчельскис футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу "Championat Asia" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ 54 жаштагы машыктыруучу Кыргызстанга келген. Аны менен Кыргыз футболдук союзу жакын арада келишим түзөрү күтүлүүдө.
Андрей Канчельскис 1969-жылы Украинанын Кировоград шаарында туулган. Ал СССР жана Орусия улуттук курама командаларында ойногон. Ошондой эле Канчельскис "Манчестер Сити", "Манчестер Юнайтед", "Эвертон" сыяктуу клбудардын курамында ойногон.
Анын машыктыруучулук карьерасы 2007-жылы башталган. Орусиялык машыктыруучунун акыркы клубу Өзбекстандын "Навбахор" клубу болуп калды.