Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев эл аралык айтышта байге менен кайткан төкмө акындар Нурайым Бактияр кызы менен Изат Айдаркулованы кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, Кайрат Иманалиев Казакстанда жана Монголияда өткөн эл аралык сынакта экинчи орунду ээлеген төкмө акындар Нурайым Бактияр кызы менен Изат Айдаркулованы кабыл алды.
Маркум төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин шакирти Изат Айдаркулова Монголияда өткөн эл аралык айтышта байгелүү орун алгандан сырткары, “Жигердүү жаштар” аталыштагы медаль менен сыйланды. Министрдин биринчи орун басары таланттуу акын кыздарды жеңиши менен куттуктап, алган сыйлыктарын тапшырды.
Кыргыздын намысын коргоп, эл аралык айтышта байгелүү келген эки акын кыз Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенишет.