"Алга" командасы алгачкы беттешинде жеңишке жетти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын футбол боюнча Премьер Лигасынын биринчи турунун беттештери болуп өттү. Анын алкагында "Алга" командасы өз талаасында "Кара-Балта" футболдук клубунун өкүлдөрүн кабыл алып, 2:0 эсебинде ишенимдүү утту.
"Антон Землянухин жана бул сезондун башында "Алганын" курамына өткөн Абай Боколеев бирден гол өткөрүшүп, командабызга 3 упай топтогону өз салымдарын кошушту.
Кошумчалай кетели, Антон Землянухин беттештин мыкты оюнчусу деп дагы табылды.
Ошентип Кыргыз Премьер Лигасынын алгачкы турунун жыйынтыгы боюнча "Алга Бишкек" турнирдик жадыбалда биринчи орунда жайгашты.
Экинчи матчты, башкы машыктыруучу Самат Суймалиевдин тарбиялануучулары, Жалал Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" командасын кабыл алышат", - деп жазылат маалыматта.