Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйөт. Бул туурасында "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
"Ушул жылдын 30-апрелинен тарта ата мекендик "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясы Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачууну пландаштырууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Анда белгиленгендей, Бишкектен Москвага үзгүлтүксүз авиакаттамдардын саны көбөйөт.
"Манас" аэропортунан Орусиянын "Внуково" аэропортуна учуулар жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылышы күтүлүп жатат.