Биз социалдык тармакта

Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны бешке жетти

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны бешке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, БШКга арыз менен төмөнкү талапкерлер кайрылды:

- Эркин Булекбаев;
- Максат Кунакунов;
- Марат Арзыкулов;
- Актилек Нурланбеков;
- Мирлан Камбаров.

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhaynak
2023-04-04 23:01:00
Депутат болом дегендер озунорчо бир парламент тузуп алгыла шайлоо откорбой эле. Баарибир санынар 90го жете тушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан