Бишкек шаарында 5-апрелден тарта бир катар троллейбус каттамдарынын кыймылы убактылуу өзгөртүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган ишкананын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлмөкчү.
Алсак, № 4 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.
№7 троллейбус Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.
№10 троллейбус Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.