Бишкек ШИИББи
тарабынан сойкулукка байланыштуу 6 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган
башкармалыктын басма сөз кызматы бүгүн, 10-декабрда билдирди.
Маалыматка
караганда, козголгон кылмыш иштеринин 3өөсү сойку кыздарды сауналарда кармагандыгы, дагы 3өөсү сойкулук кызматын көрсөткөн
көмүскө үйлөрдү уюштургандыгы үчүн козголгон. Буга тиешеси бар деп 10 адам
кармалып, анын бирөөсү убактылуу кармоочу жайга камалган. Калганы башка жакка
кетип калбоо тууралуу жазган түшүнүк катынын негизинде бошотулган. Иликтөө иштеринин
жүрүшүндө сойкулук менен алектенген 78 айым милициянын каттоосуна турган.