Биз социалдык тармакта

Базар-Коргондо 16 жаштагы Азат Саипов изделип жатат

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында 16 жаштагы Азат Саипов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын коомдук коопсуздук кеңешинен маалымдашты.

Андагы маалыматка ылайык, ал 19-март күнү Базар-Коргон шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.

Бою 165-175 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө. Өзгөчө белгилери жок.

Кийген кийимдери: кара түстөгү жука күрмө, кара түстөгү спорттук шым, бутуна кара кроссовка кийип жүргөн.

Азат Саипов боюнча кандайдыр бир маалымат билгендер, төмөнкү номерлерге кайрылса болот: +996 559 351 635, +996 555 230 490

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан