“Ливерпулдун” жарым коргоочусу Стивен Жеррард жаракатынан улам 6 апта футбол ойнобойт

Англиялык “Ливерпуль” футболдук клубунун лидери Стивен Жеррард жаракатынан улам 6 апта майданга чыга албайт. Бул тууралуу англиялык басылмалар билдирет.

Маалыматка ылайык, 33 жаштагы футболчу бүгүн, 10-декабрда медициналык кароодон өтүп, дарыгерлер ага 6 апта футбол ойноого тыюу салышты. Ошону менен Жеррард өзүнүн командасына кем дегенде 8 оюнда майданда жардам бере албайт. Анын ичинде “Тоттенхэм”, “Манчестер Сити” жана “Челси” командалары менен боло турган оюндар да бар.

Эске салсак, футболчу 7-декабрда Англиянын Премьер-лигасынын 14-тур оюндарынын алкагында “Вест Хэм” менен болгон оюнда жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан