"Барселона" футболдук клубунун жетекчилиги Испаниядагы негизги атаандашы "Реал Мадрид" клубунан ири эсепте утулгандан кийин башкы машыктыруучу Хавинин келечеги тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, каталондук клубдун жетекчилиги адистин компетенттүүлүгүнө толук ишенет. Испания Кубогунун жарым финалында "Реал Мадридден" өз стадионунда ири эсепте жеңилүүгө карабастан машыктыруучу үчүн жаңы келишим даярдалган.
Жетекчилик Хави Чемпиондор Лигасында жөндөмдүү команда кура ала турган адам экенине ишенет.
Белгилей кетсек, "Барселонанын" оюнун бул сезондо ийгиликсиз деп атоого болот. Алар Чемпиондор Лигасында тайпада үчүнчү гана орунду ээлеген. Европа Лигасына түшүп калган каталондук клуб ал жактан дагы үмүттү актай алган эмес.