Бишкек шаарындагы Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан эки адамды топурак басып калды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
8-апрель күнү Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак урап түшүп, басып калгандыгы тууралуу маалымат 112 номуруну кабарланган.
Жерине ыкчам түрдө 5 куткаруучу тартылган.
Топурак басып калган 31 жаштагы К. Б. ошол жерден каза болду. Анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган А. Т. аттуу экинчи жаран "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди.