Астана: 77 килограмм салмакта жарым финалга чыккан бардык балбандар аныкталды

Коңшу Казакстандын Астана шаарында башталган күрөш боюнча Азия чемпиондугунун алдын-ала беттештери бүттү.

Биз күчтүү балбандар келген 77 килограмм салмакта жарым финалга чыккан балбандарды карап көрдүк.

Жарым финалга биринчи жуп болуп кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен япониялык Кодаи Сакураба чыкты.

Жарым финалга чыгуу үчүн Кодаи Сакураба Акжол Махмудовдун Азиядагы негизги атаандашы, Олимпиада чемпиону Ким Хён Ву аттуу балбанды 7:5 эсебинде жеңди. Ал эми Акжол Махмудов жарым финалга чыгуу үчүн түркмөнстандык балбанды 9:0 эсебинде уткан.

Буга чейин Акжол Махмудов япониялык балбан менен бир дагы жолу күрөшкөн эмес.

77 килограмм салмактын кийинки жубунда жарым финалга казакстандык Демеу Жадраев менен ирандык Амин Кавианинежад аттуу балбан чыкты.

Жарым финал: Акжол Махмудов (Кыргызстан) - Кодаи Сакураба (Япония);

Демеу Жадраев (Казакстан) - Амин Кавианинежад (Иран).

Ошондой эле 87 килограмм салмакта Атабек Азисбеков дагы жарым финалга чыкты. Анын жарым финалдагы атаандашы казакстандык Нурсултан Турсунов аттуу балбан болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан