Акжол Махмудов Азия чемпиондугунда финалга чыкты

Бүгүн, 9-апрелде Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугу старт алды.

Азия чемпиондугуна күрөштүн грек-рим түрү боюнча 77 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Акжол Махмудов жарым финалга чейин жетип, анда япониялык Кодаи Сакураба аттуу балбан менен кез келди.

Акжол Махмудов япониялык атаандашын 9:1 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.

Муну менен Акжол Махмудов күрөш боюнча Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Финалда ал ирандык Амин Каввиянинежад аттуу балбан менен кез келет.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан