Азия чемпиондугу: Роман Ким коло байгеге ээ болду

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Роман Ким коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында жарыяланды.

Азия чемпиондугуна 130 килограмм салмакта катышкан Роман Ким коло байге үчүн беттеште өзбекстандык Темурбек Насимов аттуу балбан менен кез келип, 10:1 эсебинде жеңип алган.

Белгилей кетсек, Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугу 9-апрелде башталган болчу. Ал 11-апрелде жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан