Чүйдүн Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында турак үй өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 18:33тө өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Тилсиз жоо саат 19:11де чектелип, саат 20:38де толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесептинен жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн жыгач устундуу темир калай менен жабылган эки кабаттуу турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.
Белгилей кетсек, өлкө боюнча сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталган.