Бүгүн, 10-апрелде коңшу Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери уланууда.
Азия чемпиондугуна 60 килограмм салмакта катышкан Жоламан Шаршенбеков өз салмак категориясында финалга чыкты. Жарым финалда кыргыз балбаны япониялык күчтүү делген Майто Кавана аттуу балбанды 4:0 эсебинде жеңди.
Финалда Жоламан Шаршенбеков түштүк кореялык Хэнжи Чунг аттуу балбан менен күрөшөт.