"Сальто жасап". Дагы бир кыргыз балбаны Азия чемпиондугунда финалга чыкты

Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 82 килограмм салмакта катышкан Акылбек Талантбеков финалга чыкты.

Кыргыз балбаны финалга чыгуу үчүн ирандык Алиреза Мохмадипиани аттуу балбан менен кез келди. Акылбек Талантбеков биринчи бөлүктө эле активдүү болуп эсеп санын 6:0гө айлантты.

Экинчи бөлүк башталганда кыргыз балбаны атаандашынын артына өтүп дагы эки упай алып, эсеп санын 8:0гө жеткирди. Буга нааразы болгон ирандык машыктыруучулар "челленж" баскычын басты. Калыстар видео кайталоодон көргөндөн кийин кыргыз балбанына дагы бир упай ыйгарышты.

Жыйынтыгында эсеп саны 9:0 болуп, Акылбек Талантбеков финалга жолдомо алды.

Жеңишке жеткенден кийин Акылбек Талантбеков салтка айланган артка ашуу (сальто) жасады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан