Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугуна грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта катышкан Үзүр Жусупбеков финалга чыкты.
Кыргыз балбаны финалга чыгуу үчүн индиялык Нариндер Чима аттуу балбан менен кез келди. Кыргыз балбаны атаандашына эч кандай мүмкүнчүлүк бербей, атаандашын 9:0 эсебинде жеңип, Азия чемпиондугунун финалына чыкты.
Муну менен Үзүр Жусупбеков бүгүн финалга чыккан үчүнчү балбан болду. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков менен Акылбек Талантбеков финалга чыккан.
Финалда Үзүр Жусупбеков ирандык Мохаммад Балихамзеде аттуу балбан менен кез келет.