Бүгүн, 10-апрелде коңшу Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпиондугунун экинчи күндүк беттештери өттү.
Азия чемпиондугуна 82 килограмм салмакта катышкан Акылбек Талантбеков өз салмак категориясында финалга чейин жетти. Финалда ал жергиликтүү казакстандык Диас Кален аттуу балбан менен кез келди. Эки балбан тең өтө кылдаттык менен күрөшүп, жыйынтыгында Акылбек Талантбеков 3:2 эсебинде атаандашын жеңип алды.
Муну менен Акылбек Талантбеков карьерасында алгачкы ирет Азия чемпиону аталды.
Ошондой эле 67 килограмм салмакта Раззак Бейшекеев коло байге утту.