Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 27 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы 27 аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө 100 миң сомдук кайтарымсыз каражат алууга сертификаттар тапшырылды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов, Кызыл-Кыя шаарынын мэри, шаардык кеңештин төрагасы жана шаардык кеңештин депутаттары катышты.
Ошондой эле буга чейин 8-апрелде Баткен облусунун Сүлүктү шаарында 13 жана Лейлек районунда 100 аз камсыз болгон 100 үй-бүлөгө социалдык контракттын негизинде 100 миң сом өлчөмүндөгү социалдык жардам сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өткөн.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Ажибаев, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, ошондой эле өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Эгамбердиев катышты.