Биз социалдык тармакта

Ошто жергиликтүү тургун "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты

Ош облусунун Араван районунун И.Х. аттуу тургуну "Хизб ут-Тахрир" диний экстремисттик уюмунан баш тартты. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Менин диний жана тиешелүү билимдерим жоктугунан бирөөлөрдүн чакырыгы мененби же туура эмес азгырыктардын айынанбы "Хизб ут-Тахрир" уюмунун идеясын туура көргөм. Бирок убакыт мезгили таразалап койду. Мен аалымдардын насыяттарын окуп, угуп, милиция кызматкерлердин түшүндүрүү иш-чараларын көрүп, жашоомо, коомго жана үй-бүлөмө көз карашым таптакыр өзгөрдү.

Мен өзүбүздүн салттуу динибизди карманып, биздин коомго, үрп-адатка чоочун келген агымдардан баш тартып жана азыркы мезгилде мен сыяктуу адашып, радикалдык агымдарды тутунган, азгырылган жарандарды, айрыкча жаштарды туура жолдо жүрүүгө чакырып кетем", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asil05
2023-04-11 14:46:00
Өзүнө ишенбеген адамдар динчил болушат жана ар кандай диний догмаларга ишенүүгө аргасыз болушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан