Азия чемпиондугунда ийгилик жараткан кыргыз балбандары кайтып келишти (фото)

Казакстандагы Азия чемпиондугуна катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама команда мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалым болгондой, спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын кечээ, 11-апрелде аэропорттон Маданият министрлигинин өкүлдөрү жана туугандары тосуп алышты.

Балбандар жалпы 7 медалга ээ болушту: 3 алтын, 1 күмүш, 3 коло медаль. Алар:

  • Акжол Махмудов (алтын),
  • Жоламан Шаршенбеков (алтын),
  • Акылбек Талантбеков (алтын),
  • Үзүр Жузупбеков (күмүш),
  • Роман Ким (коло), Раззак Бейшекеев (коло),
  • Адилхан Нурланбеков (коло).

Белгилей кетсек, Казакстанда өткөн Азия оюндарында эркектер арасында өткөн грек-рим күрөш боюнча мелдеште Кыргызстандын балбандары командалык эсепте 2-орунду ээледи.

Азия чемпиондугу Астана шаарында 9-апрелде башталган болсо 14-апрель күнү жыйынтыкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан