
Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Билдирүүгө таянсак, жер силкинүү 11-апрелде саат 23:08де болгон.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында – 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында – 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында, Каракол шаарында – 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.