Теннисчи Ксения Палкина Индияда өтүп жаткан Эл аралык мелдеште жекеликте биринчи беттешин уттуруп жиберди

10-декабрда кыргызстандык теннисчи Ксения Палкина теннис боюнча Индиянын Нави Мумбай шаарында өтүп жаткан “Futures” сериясындагы Эл аралык мелдештин жекелигинде биринчи беттешин өткөрүп, утулуп калды. Бул тууралуу Эл аралык теннис федерациясынын расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Ксения Палкина грузиялык Оксана Калашникова менен беттешип, 2 сеттин жыйынтыгында уттуруп жиберди (1:6, 1:6).

Ушуну менен Калашникова-Палкина беттеши декабрь айынын ичинде 2-ирет орун алып отурат. Буга чейин 3-декабрда Индияда өткөн мелдештин биринчи айлампасында экөө кез келип, анда да жеңиш ээси грузиялык теннисчи болгон (5:7, 2:6).

Эске салсак, мелдеш 9-15-декабрь аралыгында өтөт. Мелдештин байге фонду 25000 долларды түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан