Биз социалдык тармакта

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт

Эртең, 13-апрелде Бишкектин айрым жерлеринде таза суу убактылуу берилбейт. Бул жөнүндө "Бишкексууканал" мекемесинен билдиришти.

Маалым болгондой, суу "Запад-2" суу топтомосунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

Саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө суу берилбейт:

* Ала-Арча дарыясы - Жибек Жолу кең көчөсү- темир жол линиясы-Жаш Гвардия бульвары;
* Жаш Гвардия бульвары-темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү - Манас кең көчөсү;
* Д.Сяопин кең көчөсү - Ала-Арча дарыясы – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Фучик көчөсү– Казаков көчөсү.

"Бишкексууканал" келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан