Эркин күрөш боюнча Кыргызстан жаштар курама командасынын мүчөсү Шухратбек Шадмонов Өзбекстандагы Эл аралык мелдеште коло медаль тагынды. Бул тууралуу 10-декабрда өзбекстандык ММКлар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Келесе шаарында эркин күрөш боюнча 2 жолку Дүйнө чемпиону Дильшод Мансуровдун байгесине арналган мелдеш 8-декабрда жыйынтыкталган. Мелдешке 8 жаштан 15 жашка чейинки курактагы жаш балбандар катышкан. Анда Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстан курама командалары күч сынашышты.
Мелдеште 14-15 жаштагы балбандар арасында 63 килограмм салмакта кыргызстандык Шухратбек Шадмонов коло медаль тагынды.