Биз социалдык тармакта

Бишкекте 9-май күнү "Өлбөс полк" жүрүшү өтөт

Бишкекте Улуу жеңиш күнүн утурлай 9-май күнү "Өлбөс полк" жүрүшү болот. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдирди.
Маалымдалгандай, акция эртең менен саат 10:00дө Түштүк дарбазадан ("Жеңиш" паркы) башталат.
"Ардагерлердин портреттери менен, портрет жок болсо жакшы маанайда гүл көтөрүп алып катарга кошулуңуздар", — деди уюштуруучулар.

Ош жана башка шаарлардагы жүрүш боюнча кийинчерээк маалымат берилет. Уюштуруучулар акцияны саясатташтырбоого чакырды.
"Өлбөс полк" - бул саясат жөнүндө эмес. Мында Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы түрдүү улуттагы фронтчулардын эрдиктери эскерилет. Акциянын уставында так ушул нерселер жазылган", - деп билдирди уюштуруучулар.
Алар ошондой эле Улуу жеңишке тиешеси жок желектерди, символдорду колдонбоого чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан