Дагестанда Орусиянын
Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери “Хизб
ут-Тахрир аль Ислами” эл аралык террордук партиянын мүчөлөрү жашаган жерлерде атайын
операция жүргүзүшкөн. Натыйжада аталган партиянын
52 мүчөсү кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын жараны Казимжан Шералиев
да бар.
Орусия ИИМинин 10-декабрда берген
маалыматка ылайык, кармоо бир учурда 47 дарек боюнча жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында
2 граната, электрошокерлер, жардыргыч заттар, экстремисттик маанайдагы
материалдар жана дүйнөлүк халифатты даңазалаган бир топ адабияттар табылган.
Кармалгандардын 3 лидери камалып, калгандары тергөөдөн өтүшүүдө. Мындан сырткары
кыргызстандык Шералиевди камоо маселеси каралууда.