Балбан Акжол Махмудов Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) балбандар арасындагы жаңыланган рейтингинде биринчи орунга көтөрүлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында маалымдалат.
Маалымдалгандай, грек-рим күрөшү боюнча 77 килограмм салмактагы балбандар арасындагы тизмеде Махмудов 55 миң упай менен биринчи орунга чыкты.
Марттын башындагы рейтингде экинчи тизмеге жайгашып, сап башын венгриялык Золтан Леваиге бошотуп берген болчу.
Акжол Махмудовдун тизмеде биринчи орунга көтөрүлүшүнө анын Азия чемпионатында алтын медаль утканы себеп болду.