Биз социалдык тармакта

М.Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөсү Бахтияр Рахимов Москва шаарында кармалды

М.Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун жигердүү мүчөсү Бахтияр Рахимов Москва шаарында кармалды. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы 10-декабрда билдирди.  

Маалыматка караганда, Бахтияр Рахимов үстүбүздөгү жылдын 6-декабрь күнү Орусиянын аймагында кармалган. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2006-жылы 5-декабрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун 30 жаштагы тургуну Болот Ашировду өлтүрдү деп шектелүүдө. Ал 7 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bey
2013-12-11 10:47:38
Тушунуксуз??? эмнеге Абакировдун ОПГнын мучосу деп жазылган.Сот Абакировту ОПГ эмес деп актап чыгарбады беле?? Эми Абакиров ММК ны сотко берип утуп алса деле болот экен да...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан