Астана: Алмаз Сманбеков Азия чемпиондугунда күмүш медаль утту

Коңшу Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Алмаз Сманбеков күмүш байге утту.

Азия чемпиондугуна эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмакта катышкан Алмаз Сманбеков финалда индиялык күчтүү делген өжөр балбан Аман Аман менен кез келди.

Кызыктуу беттештин жүрүшүндө жалпы эсеп 9:5 болуп, индиялык балбан Азия чемпиону болду.

Ал эми Алмаз Сманбеков Азия чемпиондугунун күмүш байге ээси болду.

Бул медаль Астанадагы Азия чемпиондугунда Кыргызстандын карамагандагы эркин күрөш боюнча алгачкы медаль болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан