Бишкекте баңги затын жашырууга аракет кылган мектеп окуучулары кармалды

Бишкекте баңги затын жашырууга аракет кылган мектеп окуучулары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 27-мартында И.Ахунбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ботаникалык бакчада баңгизаттарын жашырууга аракет кылып жаткан жеринен Бишкек шаарындагы мектептеринин биринин А.А. жана А.Б. аттуу 9-11-класстын окуучулары кармалган. Алардын баштыктарын тинтүү учурунда жалпы салмагы 921 граммды түзгөн синтетикалык "Альфа PVP" баңгизаты жана 0,4 граммдан болгон 69 таңгак табылып алынган.

Белгилей кетсек, бул табылып алынган 921 грамм баңгизаттын "дозалап" сатылган баасы 11 857 500 сомду түзөт.

Аталган топтун башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдын 4-апрелинде Ж.Пудовкин жана А.Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинен кезектеги ири партияны алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын 2004-жылы туулган А.С. аттуу тургуну кармалган.

Бул фактынын негизинде, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту "Өзгөчө ири өлчөмдө баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" боюнча кылмыш иши козголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан