Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев SUPER.KG порталына бир тууган агасы, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бала чактагы мүнөзү кандай болгонун айтып берди.
"Агам (ред: Камчыбек Ташиев) бала кезинен эле лидерлик сапатка ээ. Мектепте жакшы окуган. Кийин жогорку окуу жайына тапшырды. Ал кезде СССР жаңы тараган, кыйын убак болчу. Орусиядагы Томск мамлекеттик университетинде окуду. Ошол кезде эле ал жактагы кыргыздардын башын бириктирип, лидер болуп жүрчү", - деди ал.
Ошондой эле Шаирбек Ташиев үй-бүлөсү, эмне себептен депутат болгондугу жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрө аласыз.
?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>