18-апрелде Бишкектин кээ бир аймактарында убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, суу “Батыш” суу топтомунда жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.
Саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү даректерде суу берилбейт:
Алыкулов көчөсү – БЧК – Ала-Арча дарыясы - Л. Толстой көчөсү;
Юбилейная көчөсү – Горький көчөсү (Прогородное айылы) – Садовая көчөсү (Прогородное айылы) – БЧК.
Аскер шаарчасы, Кызыл Аскер жаңы конушу, 110 квартал, Достук кичи району.
“Бишкексууканал”мекемеси келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана сууну алдын ала камдап алууну суранат.