Каракол шаарындагы зоопарктын астынан табылган арстандын эки баласынын абалы туруктуу деп бааланып калды. Бул тууралуу "Бугу-Эне" коомдук фонду билдирди.
Фонд арстандын эки баласына Томас жана Аля деген ысым ыйгарган. Учурда алар дарылануудан өтүп жатышат. Томас арткы буттары менен акырындан тура баштаса, Аля ары-бери оодарылып калды. Аларга массаж дагы жасалууда.
Апрель айынын башында Каракол шаарындагы зоопарктын астына арстандын эки баласын таштап кетишкен. "Бугу-Эне" коомдук фонду арстандын балдары кыйноого дуушар болгонун билдирген.