Кыргызстандыктар Словакиянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн стипендия ала алышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Словакиянын ЖОЖдорунда же илимий-изилдөө уюмдарында окуу, стажировка үчүн Словакиянын Улуттук стипендиялык программасына катталуу башталган.
"Студенттер, аспиранттар, окутуучулар, илимий кызматкерлер же искусство тармагындагы кызматкерлер стипендия алуу үчүн өтүнмө тапшыра алышат", - деп жазылат маалыматта.
Стипендияга талапкерлер онлайн арызды жана бардык талап кылынган тиркемелерди словак же англис тилинде толтурушат.
Толугураак маалыматты https://www.stipendia.sk/sk/ сайтынан алууга болот.