Кара-Суу районунун Озгур айылынын Даңги суусунун жээгинен орто кылымга таандык кумура табылды. Мындай маалымат Сулайман-Тоо музей комплексинин социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.
Маалым болгондой, кумураны бир жума мурун аталган аймактан жергиликтүү тургун Медербек Аккулов мал айдап жүргөн учурда таап алган.
"Жааган жамгырдан улам жер бир аз сүрүлүп, кумура көрүнгөндүктөн өз алдынча казып көргөн.
Жерине музейдин өкүлдөрү, тарыхчы-этнографтар барып келишти. Эми табылган кумура музейге алынып келет", - деп жазылат маалыматта.
Кумуранын бийиктиги 1,20-1,30, ал эми диаметри 80-85 сантиметрди түзөт. Айланасынан да кумуранын калдыктары чыккандыктан ал жер устакана болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Мындай кумураларга дан сакталган.