Ош шаарында Алишер Навои атындагы парктын жанындагы жашыл зонаны реконструкциялоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, АРИС программасынын алкагында жарандардын эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында аталган аймактагы тротуарлар, оргумалар, балдар аянтчаларын, амфитеатр сыяктуу бир топ объекттерди куруу, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү каралган.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ферас бассейнинен А.Навои атындагы эс алуу багына чейинки аймакта жайгашкан жашыл зонаны реконструкциялоо долбоору менен таанышкан.