Биз социалдык тармакта

Жалал-Абадда Садыр Жапаровдун атынан ооз ачар өткөрүлдү

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан Жалал-Абаддын тургундарына ооз ачар өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Ага ылайык, мамлекет башчысынын атынан кечээ, 14-апрелде Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Токтогул райондорунун жана Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларынын тургундарына ооз ачар өткөрүлдү.

"Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев катышты. Алар президенттин атынан сөз сүйлөп, Жалал-Абад облусунун жашоочуларын ыйык Орозо айы менен куттукташты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан