16-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.
Ага ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 17-22 метрге дейре жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;
Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19;
Нарын дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17;
Бишкекте түнкүсүн 8…10, күндүз 20…22 градус жылуу болот.