Бишкектин батыш тарабында үч күн газ болбойт. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-апрелден 19-апрелге чейин Бишкек шаарынын Садыгалиев-Волков дареги боюнча жайгашкан төмөнкү басымдагы газ өткөргүчкө кайрадан курулган газ өткөргүчтү кошуу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Оңдоо иштерине байланыштуу Волков, Ден Сяопин, Патриса Лумумба, Владимировская көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт.
"Газпром Кыргызстан" ишканасы абоненттеринен келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, аталган убакыт аралыгында энергиянын башка булактарын убактылуу колдонуп турууну өтүндү.