Биз социалдык тармакта

17-апрелге карата аба ырайы

17-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, эртеңден баштап күн сууктап, 19-апрелде күн ачылат. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 8…13;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Нарын дубанында түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Бишкекте түнкүсүн 3…5, күндүз 8…10 градус жылуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан