Атактуу орусиялык балбан Олимпиада үчүн мекенин алмаштырды

Эркин күрөш боюнча Европа чемпиону Даурен Куруглиев Орусия курамасынын катарынан чыгып, Грецияга кошулду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы балбан машыктыруучулары жана жакындары менен кеңешип, ушундай чечим кабыл алган. Ал "Париж-2024" Олимпиадасына катышкысы келет. Анын Грециянын атынан катыша турган алгачкы турнири Европа чемпиондугу болмокчу.

Даурен Куруглиев 86 килограмм салмакта күрөшүп келет. Ал Эки жолу Дүйнө Кубогун, Европа оюндарын, Европа чемпиондугун жана бир нече ирет Орусия чемпиондугун жеңген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан