9-май Улуу Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Жалал-Абадда өтөт. Бул тууралуу көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Мелдешке Жогорку Лига, Биринчи Лига, Экинчи Лига жана 40 жаш командалар катышат.
Белгилей кетсек, буга чейинки көк бөрү боюнча республикалык мелдеш Нооруз майрамында Бишкекте өткөн.