Тажикстанда келинин өз жанын кыюуга чейин жеткирген кайнене 5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Тажикстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2022-жылы 18-майда 54 жаштагы Бибинос Исмаилова келини Гулнисо Абдуназарованы акча уурдадың деп айыптап, айылдаштарынын көзүнчө аны кемсинткен. Кайненесинин кылыгына чыдабаган келин ошол эле күнү кечинде асынып алган.
Соттун жүрүшүндө Бибинос Исмаилова бардык айыптоолорду четке кагып, келинин өлүмүнө тиешеси жок экенин айткан. Бирок аталган иш боюнча көрсөтмө берген күбөлөр айыпталуучу маркум келинин басынтып гана тим болбостон, токмоктоп жүргөнүн айтышкан.
Жыйынтыгында Рудаки райондук соту Бибинос Исмаилованы келинин өз жанын кыюуга чейин жеткирген деп айыптап, 5 жылга эркинен ажыраткан.