Биз социалдык тармакта

"Абдан кооз". Кытайлык туристтер пандемиядан кийин алгачкы жолу Кыргызстанга келишти (фото)

Кытайдын ар кайсы шаарларынан туристтердин жоон тобу Үрүмчүдөн Бишкекке учуп келишти. Бул тууралуу Туризм фонду кабалады.

Бул пандемия аяктагандан бери Кытайдан биринчи жолу уюштурулган массалык тур. Жалпысынан Кытайдан 20 адам келген. Кытайлык туристтер үч күн бою Чүй жана Ысык-Көл облустарынын туристтик жерлерин көрүшөт. Андан соң коңшу Казакстан аркылуу автобус менен үйлөрүнө кетишет.

Кытайлык туроператорлордун айтымында, Кыргызстан туристтер үчүн адаттан тыш кооз жана жагымдуу. Алар визалык режимди жөнөкөйлөштүрүү Кыргызстанга барууну каалагандардын агымын дагы көбөйтүшү мүмкүн экендигин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан