Биз социалдык тармакта

Кыргызстанда бир район жана үч айылдын аты өзгөрдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагын, Ош жана Талас облустарынын айрым айылдарын жана Талас облусунун Кара-Буура районун кайра атоо жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 22-февралында кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык Нарын облусунун Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагы Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон-Хан айыл аймагы деп кайра аталды.

Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Борбаш айылы Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл аймагынын Кайрагач айылы деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра аталды.

Талас облусунун Кара-Буура районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чымгент айылы Талас облусунун Айтматов районунун Чолпонбай айыл аймагынын Чолпонбай айылы деп айтыла баштайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан