Бишкекте алдамчылыкка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, интернетте тоо-кен өнөр жайы тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүү үчүн колдонула турган жасалма криптовалютаны жарнамалоо жана жайылтуу менен алектенген белгисиз адамдар аныкталган. Алар акча каражаттарын алгандан кийин, бул криптовалютанын бар экендигин жана алынгандыгын тастыктаган кепилдик милдеттенмелерди беришкен эмес.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмышка шектелип 1984-жылы туулган Д.А. жана 1978-жылы туулган Д. Г. аттуу жарандар кармалган. Алар 2022-жылдын январь айында М.Гоголь көчөсүнөн кеңсе ачышып, жарандардан 1000 доллардан 20 миң долларга чейин алып жүрүшкөн. Кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан тышкары шектүүлөр ушул сыяктуу 18 кылмыш фактысын жасоого тиешеси бар экендиги аныкталды.